Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Италия соту Google компаниясынын жооптуу 3 өкүлүн күнөөлүү деп тапты


Италия соту АКШлык Google компаниясынын жооптуу 3 өкүлүн башка адамдардын жеке турмушун коргоо мыйзамын бузгандыгы үчүн айыптуу деп тапты. Алар 6 айга шарттуу түрдө кесилишти. Google ээлик кылган Googles video сайтында акыл эси кем баланын кордолуп жатышы тартылган тасма жайгаштырылган. Компаниянын өкүлдөрү видеону даярдоого же аны сайтка коюуга катышкан эмес. Бирок прокурорлор тасма сайттан алынып салышы керек эле деген аргументин келтиришти. Google бул процесс Интернет эркиндигине кооп туудурат деп эсептейт. Компания аппеляциялык арыз берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG