Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

БУУ: НАТОнун Ооганстандагы күчтөрү 153 баланын өлүмү үчүн жооптуу


Былтыр Ооганстанда 346 жашы жетелек бала өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттар уюмунун баш катчысынын балдар маселелери боюнча атайын өкүлү Радика Кумарасвами Кабулда НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли МакКристал менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, 153 баланын өлүмү үчүн НАТО жооптуу. Атап айтканда, альянстын аба соккуларынан 131 бала каза тапкан, 22өө түнкү рейддер маалында окко учкан. МакКристал аскерлер балдарды жакшыраак коргоо үчүн БУУ менен тыгыз кызматташат деп ишендирди. Маалыматтарга караганда, талип согушкерлеринин колунан 128 бала ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG