Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Эки партия Алайдагы митингдин талаптарын кубаттады


“Ата Мекен” жана “ЭрК” партияларынын аймактык лидерлери Гүлчө кыштагында мурдагы коргоо министринин тарапкерлери менен жолугушту. Анда алар Исамил Исаковдун ак жеринен камалгандыгын белгилешип, генералдын токтоосуз акталып, абактан бошотулушун талап кылгандарды кубаттай тургандыгын жарыя кылышты. Ошондой эле алардын пикиринче, азыркы бийлик оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды куугунтуктоону токтотууга, электр энергиясына тарифтерди арзандатууга жана стратегиялык маанидеги ишканаларды сатууга тыюу салууга тийиш. Эгерде буга эрки жетпесе, өлкөнү ар тараптуу кризиске кептеген президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү аракети күчөтүлмөкчү. Бул туурасында “ЭрК” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов “Азаттыкка” маалымдады.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик коомдук жана саясий уюмдардын жетекчилерин, мындан тышкары Алайдагы нааразычылык акциясынын катышуучуларын сабырдуулукка чакырып, мыйзамсыз аракеттер сөзсүз жазаланаарын улам-улам эскертүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG