Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

ЕККУнун ИИМ органдарын реформалоо боюнча долбоору натыйжасыз


Мындай тыянак кечээ парламентте Социал-демократтар фракциясынын ички иштер органдарын реформалоо маселесине арналган жыйынында айтылды. Фракция төрайымы Роза Отунбаева азыр кыргыз коомчулугун бийликтин жарандарды куугунтуктоо иш-аракеттери көбүрөөк тынчсыздандырып жатканын баса белгиледи. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борборун айрыкча саясий жагдайларга келгенде унчукпайт деп сынга алды. Аталган эл аралык уюмдун ИИМди реформалоо боюнча программасынынын башчысы Евгения Черенкова парламентте 2003-жылдан бери ЕККУ ички иштер органдарын жаңылоого беш миллионго жакын евро сарптаганын маалымдады. ИИМдин ишинде айрым жылыштар бар экенин белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG