Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Өзгөндө паспорт алуу кыйынчылыкты жаратууда


Бул тууралуу Өзгөн райондук паспорт бөлүмүнөн үч айдан бери паспорт ала албай жүргөн жетимишке чукул атуул “Азаттыкка” телефон чалышты. Алардын айтымында, жергиликтүү бөлүмдүн кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорт алуучуларды убара кылганы аз келгенсип, паспортту колго берерде кошумча 50 сомдон алышууда. Өзгөндүктөр бул маселени Адилет министрлиги тез арада чечип берүүсүн өтүнүштү. Өзгөн райондук паспорт бөлүмүнүн башчысы Курустанбек Бекешов болсо үч айдан бери паспорттун үлгүлөрү убактылуу келбей калып, 24-февралдан баштап жаңы паспорттун үлгүлөрү келип жатканын, кардарлардын көйгөйлөрү чечилерин убада кылды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG