Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Т.Сариев: Кыргызстандагы бийликтин легитимдүүлүгү чоң суроо туудурат


Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын “Конституцияга өзгөртүү киргизүү” маселесине байланыштуу өткөрүлгөн тегерек үстөл жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев өзүнүн уулун ӨИИБАнын директору кылып дайындаганы мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга карама-каршы келип, бул структуранын түзүлүшү Баш мыйзамга түздөн түз каршы турат Ал ошондой эле учурда Конституцияны реформалоо менен президенттин бийлигин күчтөндүрүү аракеттери көрүлүп, өлкөдөгү кырдаалга үн катпаган парламент менен өкмөттүн кесепетинен президенттин экономикалык саясаты кыйроого кептелгенин сынга алды.
Т.Сариев отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшү, электр тармагындагы пайда берүүчү ишканалардын арзан баага сатылышы, Орусиянын Кыргызстанга мамилесинин салкындашы, адам укуктарындагы абалдын начарлашы мамлекеттик түзүлүштөгү баш аламандыктан улам пайда болгонун белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG