Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Р.Отунбаева: Президент, өкмөт башчынын бийлиги таасир бербей калды


Бул тууралуу СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева бүгүн парламент отурумунда билдирди. Ал президенттин кийлигишүүсү менен шалаакылык үчүн кызматынан алынган Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Жеңиш Жоробековдун Тогуз-Торо районунун милиция бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганына макул эместигин билдирди. СДПнын лидери Роза Отунбаева “Президент менен премьер-министрдин бийлиги таасир бербей эле, гезиттер сурамжылоо жүргүзүп биринчи орунга Жаныш Бакиевди чыгаргандай, азыр бийликти президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев жүргүзүп калган окшойт”, - деди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG