Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Депутат дептерге белгилүү инсандардын сүрөтүн чаптоону сунуштады


Дептерлердин бетине кыргыздын белгилүү Чыңгыз Айтматов, Исхак Разаков, Болот Миңжылкыев сыяктуу атактуу адамдардын сүрөтүн чаптоо сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бакытбек Нуржанов киргизди. Ошондой эле ал дептерге мамлекеттик тилде гимнди, өлкөнүн гербин жана Манастын жети осуятын жазууну туура көрөт. “Кайды караба жырым жылаңач чет элдик эстрада ырчыларынын сүрөттөрү турат. Ошонун ордуна Бүбүсара Бейшенелиеванын сүрөтүн койгонго эмнеге болбосун. Биз жаштар мекенчил эмес, гимнди, белгилүү адамдарды билбейт деп дайыма айтып келебиз. Бирок аны өзүбүз жасабайбыз”, - дейт Б. Нуржанов. Ошондой эле депутат Түркия, Өзбекстан өлкөлөрү эбак эле ушундай жолго өткөндүгүн белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG