Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Баткенде журналистке ишкерлер тарабынан коркутуу болду


Бул тууралуу Кызыл-Kыя шаарындагы ЮТС телерадиокомпаниясынын атын айткысы келбеген журналисти бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Журналист аталган шаардын борбордук базарында жайгашкан дары-дармек сатуучу күркөлөрдөгү сатуучулардын атайын билими жоктугу, кардарларга туура эмес багыттагы дарылардын сатылып кетип жатышы тууралуу материал даярдап эфирге берген. Мындай көрүнүшкө журналист өзү дуушар болгондон кийин атайын репортаж жасагандыгын айтат. Бул берүү эфирге кеткенден кийин ишкерлер журналистке кысым жасашып, коркутуп, “мындай болчу болсо сени жумуштан четтеткенге да алыбыз жетет, бирок мындан ары этияттанып жүр” деген сөздөрдү айтышкан. Кабарчы бул окуя боюнча укук коргоо кызматына атайын арыз менен эми кайрылаарын кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG