Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Делиде индиялык-пакистандык сүйлөшүүлөр аяктады


Бул Индия жана Пакистандын мартабалуу өкүлдөрүнүн 2008-жылкы Мумбайдагы террордук кол салуулардан берки биринчи ырасмий кездешүүсү. Кездешүүдө тараптар терроризмге каршы күрөшүү маселесин, талаштуу Кашмир штатындагы кырдаалды талкуулашты.

Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы Нирупама Рао пакистандык коллегасы менен болгон сүйлөшүүнү коңшу эки өлкө арасындагы ишенүүнү калыбына келтирүүдөгү “алгачкы кадам” деп атады.

Дели 2008-жылы Исламабад менен ырасмий сүйлөшүүлөрдү токтоткон жана Пакистандан өз территориясындагы Мумбай чабуулуна катыштыгы бар согушчандарга каршы чечкиндүү чара көрүүнү талап кылган.

Мумбайдагы калабада 170тен ашуун адамдын каны төгүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG