Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

Түркияда “кутумчу” генералдар ичинен армиянын мурдагы эки башчысы бошотулду


Өлкөнүн аскер - аба жана аскер –деңиз күчтөрүнүн мурдагы командачылары кутум уюштурууну көздөгөн делгендердин иши боюнча тергөөчүлөргө сурак берген соң кечээ бошотулду. Мунун алдында жыйырмадай офицерге, анын ичинде беш адмиралга, үч генералга айып коюлуп, сот тергөө учурунда алардын абакта кармалышын колдогон эле. Аскерий адамдардын жоон тобунун камалышынан кийин түзүлгөн кырдаал өлкө президенти Абдулла Гүл, премьер- министри Режеп Тайып Эрдоган жана армиянын Генштабынын башчысы Илкер Башбугдун кечээги жолугушуусунда талкууланды. Алардын сүйлөшүүсүнүн соңунан таратылган билдирүүдө учурдагы кризис конституциялык жол менен чечилүүсү керектиги айтылат. Түркияда 2003-жылы аскерий төңкөрүш уюштурууну көздөгөн деген шек менен армиянын отставкадагы жана кызматтагы офицерлеринин элүүдөйү ушул дүйшөмбү күнү камалган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG