Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2,5 млрд. сом бөлүнөт


Айыл чарба министринин маалыматы боюнча бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көп. Бүгүнкү күнгө чейин аймактарга 4 млн. сомдон бөлүнүп берилди. Мындан тышкары 10 млн. АКШ доллары айыл чарба техникаларын сатып алууга бөлүнмөкчү. Ошондой эле 1 млрд. сом “Агропродкорпорация” ишканасы аркылуу дыйкандар өндүргөн түшүмдү сатып алууга пайдаланылат. Дыйкандарга жана фермерлерге керектүү үрөн, жер семирткич, техникалык тетиктерди сатып берүү үчүн “Айыл банк” аркылуу 121 млн. сомдук акчалай насыялар берилет. Министрдин айтуусунда мамлекеттин мындай камкордугу дыйкандар менен малчылар үчүн чоң жардам болот.
Жыл сайын мамлекет тарабынан дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн акчалай жардамдар берилгени менен алардын көпчүлүгү дыйкандарга жетпей, алардын нааразылыгын туудурган учурлар арбын.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG