Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Кант кызылчасынын баасы көтөрүлдү


Айыл чарба министринин маалыматы боюнча кант заводдору менен сүйлөшүүнүн натыйжасында кант кызылчасынын баасын 1 кг 2.5 сом деп бааланды. Мындай шартта кант иштетүүчү заводдор 1 тонна кызылчадан 70 кг кумшекер чыгарып бериши керек. Министрдин айтуусунда кант иштетүүчү заводдор газ менен иштейт, мындай учурда 1 кг канттын өздүк баасы 41 сомго айланып калып жатат. Министрге суроо берген депутат Б. Абдрасаков мындай баа менен кызылчачылар быйыл деле жарыбасын белгиледи.
Өткөн жылы дыйкандар кант кызылчасынын 1 кг 2 сомдон сатышкан. Быйылкы түшүмдү кант иштетүүчү заводдор 2,5 сомдон кабыл алууга араң макул болушканы белгилүү.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG