Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Ирандын “Жундалла” боюнча айыптоосун четке какты


Расмий Тегеран АКШны сунниттердин “Жундалла” (Алланын жоокерлери) козголоңчул тобун колдогону үчүн айыптаган эле. Мындай айыптоо аталган топтун лидери делген Абдулмалик Риги камалгандан кийин айтылган. Ирандын чалгын министри Хейдар Мослехинин билдирүүсүнө караганда, Риги камалардан бир сутка алдыда АКШнын Ооганстандагы аскерий базасында болгон жана АКШ берген ооган паспорту менен жүргөн. Мурдараак болсо Европа өлкөлөрүнө барып келген.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Сулливан “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун перси кызматы – Фарда радиосуна берген интервьюсунда Иран тараптын айыптоосун “абсурд” деп атоо менен четке какты:

-АКШнын “Жундаллага” же Ирандын аймагында террордун кандайдыр бир түрүнө тиешеси бар деген билдирүүлөр - абсурд. АКШнын көңүлү бүткүл дүйнө боюнча терроризмге каршы күрөшүүгө бурулган жана эч бир жерде террордук иштерди колдобойт. АКШнын буга катышы бардыгы тууралуу ырастоолор күлкү гана жаратат.

“Жундалла” тобу былтыр 18- октябрдагы бомба чабуулдары учурунда 40тан ашуун ирандыктын өлүмү үчүн жоопкер болгон.
Алардын 15и Ирандын элиталык аскерий бөлүгү – Революциялык гвардиянын өкүлдөрү эле. Топ өлкөнүн түштүк –чыгышында, Ооганстан жана Пакистан менен чектеш Систан –Белучистан провинциясында аракеттенет.

“Жундалланын” лидери деп эсептелген Абдулмалик Риги менен дагы бир жүргүнчүнү Иран 23-февраль күнү Кыргызстандын Дубай –Бишкек аттамындагы учагын өз аймагына мажбурлап кондурган соң кармап, түшүрүп калган.

XS
SM
MD
LG