Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Кар камагында калган Эңилчек айылы бошотулду


Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу аймагында жайгашкан Эңилчек айылы калың жааган кардын натыйжасында дүйнө менен байланышсыз калган. Айылды сырткы дүйнө менен байланыштырган жалгыз Каракол –Эңилчек автожолу 18 күн бою кар күрткүлөргө толуп, жабык турду. Бул аралыкта айылда эки наристе жарык дүйнөгө келген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата Каракол –Эңилчек жолунун 11 чакырымы күрткүдөн тазаланып, айылга жол ачылды. Учурда айылдын тургундарынын абалына дарыгерлер көз салышууда.
Февраль айынын орто ченинде тынбай жааган кардан улам алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан айылдарга кар калың түшүп, жолдор жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен бирге жолдорду тазалоо, көчкүдө калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп келишүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG