Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Өнүктүрүү агенттиги “Азия универсал банкка” насыяны 6 % үстөк менен берет


“Азия универсал банктын” башкы жетекчиси Вячеслав Рожковдун депутаттарга билдиргени боюнча банк дыйкандарга насыя акчаны 23% үстөк менен берет. Бул учурда дыйкан 120 миң сомго чейин насыя акчаны күрөөсүз ала алат. “Эгер фермер бир жылга 100 миң сом алса жана ай сайын карызын төлөсө, анын бир жылдык үстөк пайызы -12 408 сом болот. Эгер ал дагы үч айга убакыт алса, анда ал 15 428 сом, ал эми 9 ай кошумча убакыт алса, анда 21 168 сом төлөйт,” дейт В. Рожков. Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков “Азия универсал банк” башка коммерциялык банктар сыяктуу эле оюн жүргүзүп жаткандыгын айтып кетти. Ал: “22-23% үстөк менен айыл чарба тармагын көтөрө алабызбы?” деген суроону айыл чарба министрине берди. Министр “Азия универсал банк” тарабынан быйыл берилип жаткан насыяны кубаттаган гана сөз айтып, башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG