Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

ЖК өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгына оң баа берди


Бир нече сааттык кызуу суроо-жооп, талкуудан кийин парламенттин депутаттары көпчүлүк добуш менен кыргыз өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине даярдыгы канааттандырарлык деген баа беришти. Депутаттар жыйындын аягында кабыл алган токтомунда айыл чарба тармагын жакшыртуу максатында өкмөткө бир катар сунуштарын беришти. Айрым депутаттар суу чарбасын кайра айыл чарбасына кошууну карап көрүү зарылдыгын айтышты. Ал эми социал-демократтар партиясынын депутаты Иса Өмүркулов мамлекет тарабынан дыйкандарга тиешелүү жардам берилбей жаткандыгын өткөн жылы буудай, пахта, кызылча жана башка азык-түлүк продукцияларынын баасы өтө арзан болуп, дыйкандар күйүп кетип жатканы менен байланыштырды. Ал ошондой эле дыйкандарга насыя акча берүүнү жөнгө салууну талап кылды. Анын айтуусунда бир жылдык мөөнөт менен насыя берүү дыйкандарга пайда алып келбейт. Депутат Динара Молдошева суу бургу менен эгин сугарган дыйкандарга электр энергиясына төлөөдө жеңилдик берүүнү сунуштады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG