Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Ошто Казакстандын ЕККУга төрагалык кылышына каршы болуп жатышат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы элчиси, уюмдун Бишкек борборунун башчысы Эндрю Тесорьер түштүк баш калаасында бир катар бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда ушундай пикирлер айтылды. Мисалы, Ош облустук акимчилигинин алдындагы консультативдик кеңештин координатору Абдимомун Жолдошевдин айтымында, “ЕККУ эмне үчүн Казакстанды тандады? Назарбаевдин түбөлүк президенттигин же анын оппозицияга келишкис мамилесин “азиялык демократия” сыңары түшүнүштүбү? Же болбосо бул Батыштын Казакстанга, ал аркылуу Борбор Азияга ишеним кредитиби? Ушинтип бул чөлкөмгө демократия орнотобуз деп жатышабы?” сыяктуу суроолор элди катуу ойлонтууда. Өз кезегинде Эндрю Тесорьер суроолорго жооп кайтарып жатып, ЕККУнун төрагалыгын 56 мамлекет кеңешип чечкендигин, мындай ишеним Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө дагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын белгилеп, ушул жылдын соңунда ЕККУнун саммити Казакстандын жетекчилигинде Европанын архитектурасы жана Ооганстан коопсуздугу маселелерин талкуулай тургандыгын кошумчалады. (ATo)

XS
SM
MD
LG