Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

И. Исаковдун Алайдагы тарапкерлери митингге даярданууда


Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун Алайдагы тарапкерлери 8-март - аялдардын эл аралык майрамына чукул чоң митинг, акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу И. Исаковду коргоо комитетинин өкүлү Таалай Зикиров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, акциянын алкагында Ош жана Бишкек шаарларына жөө жүрүш уюштурулушу ыктымал. Учурда Алайдын беш айылында И. Исаковду коргоо боюнча беш штаб иштеп жатат.

Аскердик сот 19-февралда Бишкек гарнизондук сотунун И. Исаковго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Сегиз жылга кесилген мурунку коргоо министри Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан биринчи СИЗОго которулган. И. Исаков кызматынан пайдаланып, уулуна мыйзамсыз үй алып берген деп күнөөлөнүп жатат. Айыпталуучу бул иш-аракеттерди бийликтин саясий буйругу деп баалап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG