Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Түркияда дагы генерал камалды


Түркия соту отставкадагы дагы 2 генералга кутум уюштуруу аракети деген айып такты. Жума күнү полиция армиянын 18 жогорку офицерин кармаган. Ошону менен кутум аракети үчүн шектелгендердин саны 33 кишиге жетти. Алар мындан 7 жыл илгери Режеп Таип Эрдоган башкарган өкмөттү төңкөрүүнү көздөшкөн деп айыпталышууда. Кечээ Эрдоган мыйзам бардыгы үчүн бирдей, Түркиянын демократиялык түзүлүшүнө каршы аракеттенгендер жоопко тартылат деп эскертти. Соңку окуялар Түркиянын биржаларындагы абалга да таасирин тийгизди. 1960-жылдан бери куралдуу күчтөр 4 жолу өкмөттү кулатышкан. Түркиянын азыркы өкмөтү исламчыл салттары менен белгилүү. Армия болсо өзүн секулярдык түзүлүштү коргогон күч катары сыпаттап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG