Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Нарында кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө


Өткөн 3 күн аралыгында Арал - Миң-Куш жана Бишкек – Нарын - Торугарт жолдорунан мерчемдүү жерлерге зениттик жабдыктар аркылуу жардыруулар болду. Бул маалымат 27-февралда облустук акимчиликтин коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнөн алынды. Натыйжада Жумгал районунан 2 жерге 11 жолу аттыруудан 37 миң куб.метр кар көчүрүлгөн. Ал эми Долон ашуусунда 9 жолу аттыруу жасалганда 20 миң метр куб кар көчүп, ал кан жолго жеткен эмес. Ал эми Долон ашуусунун түштүк ыптасынан 2003-жылдын 23-апрелинде 1 миллион 250 миң, 2004-жылдын 17-март күнүндө 1 миллион 200 миң куб.метр кар көчкүсү табыгый шартта жүргөн эле. (KUs)

XS
SM
MD
LG