Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Бишкекте Жогорку Кеңештин музейин ачуу пландалууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Парламент музейи Бишкектеги Улуттук китепканада түзүлө турган болууда. Музейге өткөн кылымдын башында башталган кыргыз парламентаризминин тарыхын чагылдыруучу документтер, китептер, видеоматериалдар, сүрөттөр коюлмакчы. Буга байланыштуу парламент жетекчилиги мурунку чакырылыштагы бардык депутаттарга кайрылып, сакталып калган уникалдуу документтерди, сүрөттөрдү жана жеке буюмдарын музейге берүүлөрүн суранууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG