Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

ЭТА жикчил уюмунун лидери кармалды


Испаниянын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Франциянын түндүгүндө бүгүн Баск сепаратисттеринин ЭТА уюмун жетектеген адам кармалды. Ибон Гогескоехеа 1997-жылдан бери издөөдө болчу. Министрлик ал испан жана фарнцуз кызматтары өткөргөн операциянын натыйжасында Нормандиядагы чакан шаарда колго түшүрүлгөнүн маалымдады. ЭТА басктардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келатат. Алардын кол салууларынан 850дөн ашык киши каза тапкан. Соңку кездери Испания менен Франциянын коопсуздук органдары тыгыз кызматташып, натыйжада уюмдун бир катар лидерлери камакка алынды. ЭТА Франциянын аймагын көп жылдардан бери баш калка катары колдонуп келген.

XS
SM
MD
LG