Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Кыздардын кыял терметкен “Паризат” тобу


"Паризат" тобу: Жылдыз Мырзабекова, Миргүл Осмонбетова, Үмүт Бегалиева жана жетекчичи (ортодо) Кишимжан Мамытова.

"Паризат" тобу: Жылдыз Мырзабекова, Миргүл Осмонбетова, Үмүт Бегалиева жана жетекчичи (ортодо) Кишимжан Мамытова.

Таанымал ырчы, обончу, көптөгөн Республикалык, Эл аралык кароолордун, фестивалдардын лауреаты Кишимжан Мамытова уюштурган, жетектеген кыздардын “Паризат” аттуу аваздык тобунун чыгармачылык тагдыры, бүгүнкү күндөгү абалы, өздүк репертуарлары, аткаруучулук чеберчиликтери менен тааныштырабыз.

Азыркы күндөгү бүтүндөй өмүрүн, көргөн күнүнүн ар кандай маңыздагы элдик жана ар кыл муундагы обончулардын канаттуу ырларын жаңы аваздык боектордо, мукамдуулукта ырдаган элдик ырлардын жалындуу жайылтуучусунун, таланттуу аткаруучусунун бири Кишимжан Мамытова.

Ал алгачкы жолу 1975-жылы ырчы, обончу Гүлшайыр Садыбакасова уюштурган жетектеген. Оштогу кыздардын “Кыз бурак” ансамблинде ырдап, ырчылык аткаруучулук чеберчилигин жетилтет. Топто бир нече жыл жемиштүү эмгектенет. өздүк репертуарында Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун, Жумамүдүн Шералиевдин жана аттуу -баштуу обончулардын ырлары менен байытат, өзү да азыркы учурлардын жан дүйнөлөрүн асылданткандай ондогон обондорду чыгарат. Кишимжандын ырдаган ырлары, чыгарган обондору да угуучулардын жүрөктөрүнөнтүнөк таап келүүдө.

“Азаттык”: - Кишимжан айым азыр өзүңдүн аткарууңда угармандардын жан дүйнөлөрүнө дүрбөлөң салган мукамдуу ырды аткарып бердиң. Чоң ыракмат. Эми өзүң иштеген “Арашан” элдик ансамблинин алдында “Паризат” аттуу кыздардын аваздык тобун уюштурупсуң, чакан топто канча ырчы иштейт? Ошолор тууралуу “Азаттыктын” угуучуларына маалымат бере кетсең?

Кишимжан Мамытова: - Мен аваздык кыздардын тобун уюштурганымдын себеби өзүм Оштогу “Кыз бурак” тобунун алгачкы ырчысы болуп, бүгүнкүдөй ырчылык деңгээлге жетиштим. Ошондон бери өзүмдүн ойлоп жүргөн оюмду ишке ашырайын деп, Ысык- Ата районундагы маданият үйүнүн алдындагы “Арашан ” элдик ансамблинин алдында “Паризат” деген ырчы кыздардын тобун уюштурдум. Бул топтун атын коюуда улуу кыл кыякчы атабыз, абабыз Сайид Бекмуратовдун өмүр бою ырдап жүргөн, “Паризат” аттуу ырынын атынан коюлду. Себеби ал ыр кыздардын улуулугун, сулуулугун, келишкен келбеттерин, баскан-турганын даңктаган, мактаган элдик ыр болгондуктан, “Паризат” ыры көңүлүмө жаккандыктан өзүм уюштурган кыздар тобун “Паризат” деп атап койдум. Ырчылары болсо биздин Улуттук консерваториянын ырдоо бөлүмүн бүтүрүшкөн кыздар. Алсак менин жанымда отурган ырчылар Жылдыз Мырзабекова, Миргүл Осмонбетова, үмүт Бегалиева.

Эң биринчи жолу сахнага кыздардын аткаруусунда Сайид Бекмуратовдун “Паризат” аттуу ырын ырдап чыктык. Себеби “Атына жараша, заты айкалышсын” деп көпчүлүккө ырдадык. Бул ишти жумурай –журтка ырдап чыгуунун алдында көпкө чейин көнүгүүлөрдү, машыгууларды, аткарып анан жана башка аспаптардын коштоосунда ырдатып, үндөрүн тасмага жаздык. Элге тартууладык. Угуучулар абдан жакшы кабыл алышты. Азыркы күндө болсо “Кыргызстан обондору”, “Миң кыял” радиолорунун концерттеринде берилип келүүдө.

“Паризат”
(үзүндү)

Сөзү, обону элдики

Ачылышың Акмандын ай,
Гозосундай Паризат ой.
Мас кылышың Чаңгенттин ой,
Бозосундай Паризат ой.
Дарычаңдан кол узат ой.
Шириндигиң Ташкендин ой,
Майисиндей Паризат ой.
Жумшактыгың Маскөөнүн ой,
Шайысындай Паризат ой.
Паризат ой, Паризат ой,
Дарычаңдан кол узат ой.

“Азаттык”: - Жылдыз бийкеч азыр курбуларың менен ырдаган “Паризат” аттуу ырды уктук. Топко кандайча келип калдың?

Жылдыз Мырзабекова: - Консерваторияда окуп жүргөндө “Паризат” тобуна тандоо жүрүп жатканын угуп келип калдым. Ошол кезде Кишимжан эже кыздарды тандап жүрүптүр. Эжеге үч төрт кыз бардык. Ошолордун ичинен алгачкылардан болуп өтүп кеттим. Ошондон бери топто ырдап жүрөм. Мен Осмонбетова Миргүл. Топко Жылдыз айткандай сынактан өтүп кабыл алындым.

Бегалиева Үмүт: - 2008-жылы Улуттук консерваториянын фольклордук бөлүмун бүтүргөм. 2006-жылы топ уюшулганда мен топко эки-үч ай кеч келдим. Төрт жылдан бери эже менен иштешип жүрөм.

- Топто ырдагандан башка да жеке ырдаган ырларыңар да барбы?

- Ооба, бар. Биздин азыркы кездеги ырдап жүргөн ырларыбыздын негизин элдик ырлар түзөт. Ырларыбыздын обондорун бүгүнкү мезгилге, заманга жараша аранжирлештирилген. Ырларыбызды көбүнчө үч үндө ырдайбыз. Биз башка ырчылардан айырмаланып комуздун коштоосунда фонограмасыз жандуу да ырдайбыз. Ар бирибиздин да жеке ырдаган ырларыбыз бар. Анда баардашубузга бир паска тыным берип кезекти топтун аткаруусундагы залкар композитор Абдылас Малдыбаевдин “өмүр” аттуу ырына берейин.

“Өмүр”

(үзүндү)

Сөзү: Токтогулдуку
Обону: Абдыластыкы.

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканы чын болсо,
Деги,
Жай-жайына койсочу.

Чөп куурабас болсочу,
Көз тунарбас болсочу.
Кызыл өңдөн нур кетип,
Деги,
Кыз кубарбас болсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Деги,
Жерге көнбөс болсочу.

“Азаттык”: - Кишимжан айым кайрадан сөз кезмети өзүңүздө. Топтун жетекчиси катары “Паризаттын” өздүк репертуарынан маалымдай кетсең?

Кишимжан Мамытова: -Азыр үмүт айтып кеткендей өздүк репертуарыбыз кенен. Менин кыздарым комуздун коштоосунда жеке да ырдай алышат. Үчөө үч үндө комуздун коштоосунда ырдай алышат. Ошондой эле комуздун, аккардиондун коштоосунда да ырдашат. Ал эми азыркы заманга жараша аранжирлештирилген ырларды да аткарышат. Элдик ыр “Ак кептерди” болсо өзүбуздүн “Арашан” элдик ансамблинин оркестринин коштоосунда аткарышат.

Мындан башка Атайбек Бодөшовдун “Эмне айып”, М.Бостонкуловдун “Кыздын ыры”, М.Алмакуновдун “Грейдирчи жигитке”, А.Абдуллаевдин “Жар-жар” аттуу ырларын аткарышат. Абдылас Малдыбаевдин “өмүрүн” үч-төт үнгө бөлүп өзүм да кошо ырдап жүрөм. Булардан башка кыздар жигиттерге, ата-энеге, эл, жерге арналган патриоттук ырларыбыз да бар.
XS
SM
MD
LG