Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Украинанын жаңы президенти бүгүн Брюсселге келет


Бул - Виктор Януковичтин мамлекет башчысы катары четке алгачкы сапары. Брюсселде Янукович менен Евробиримдик лидерлеринин сүйлөшүүлөрүндө көңүл орус газын Украина аркылуу Европа өлкөлөрүнө жеткирүүнүн коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө, расмий Киевдин украин жарандары үчүн Евробиримдик өлкөлөрүнө визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүн алуу мүдөөсүнө байланышкан маселелерге бурулары күтүлүүдө. Ал эми апта соңунда Янукович Орусиянын жетекчилиги менен жолугат. Ал өзүнүн инагурациялык сөзүндө Украина Орусия менен да, Евробиримдик менен да бирдей жана эки тарап үчүн тең пайдалуу алакага жетишерине үмүттөнөрүн билдирген. Мурдагы президент Виктор Ющенко бийликте турган жылдары Украинаны Евробиримдик менен НАТОго киргизүүгө умтулду, бирок ийгиликке жете албады. Ошол эле учурда Украинанын Орусия менен мамилеси начарлады.

XS
SM
MD
LG