Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

“220” кыймылы тарифтерди кымбаттаттууга каршы акция өткөрөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, иш-чара 14-мартта Бишкекте өтөт. Шаар бийлиги акцияны көчөдө акция өткөргөнгө уруксат бербейт, ошондуктан сары тасма байланган унаалардын жүрүшү болот. Андан кийин форум болуп, концерт көрсөтүлөт, дейт Г. Журабаева. Өткөн жумада өкмөт башчы Данияр Үсөнов электр энергиясына бааны жогорулатуу сунушу 2006-жылы эле көтөрүлгөнүн айтып, ошол убактан бери нарк жогоруласа бүгүнкүдөй болуп кымбаттайт, болчу деп билдирген эле. “220” кыймылы электр энергиясына жана жылуулукка бааны жогорулатууга каршы түзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG