Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Тажикстандагы парламенттик шайлоону бийликтеги партия жеңди


Тажик президенти Эмомали Рахмондун Элдик Демократиялык партиясы парламенттик шайлоодо добуштардын 71,7 процентин алды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Комиссия билдиргенине караганда, алгачкы жыйынтыктарга ылайык, оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясына доубштардын 7,74 проценти, ал эми коммунисттерге 7,22 проценти тийди. Шайлоого укуктуу тажиктердин 87 процентинен ашууну добуш бергени маалымдалды. Анын алдында Европадагы коопусуздук жана кызматташтык уюму Тажикстандагы парламенттик шайлоо олуттуу кемчиликтер жана бурмалоолор менен коштолгонун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG