Транспорт жана байланыш министрлиги жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды жолдо этият болууга чакырууда. Маалымат боюнча бүгүн-эртең тоолуу аймактарда көчкү жүрүү ыктымалдыгы бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош, Нарын-Казарман жолдору кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылганын мурдараак маалымдаган. (BuS)