Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Түркия АКШга армян геноциди боюнча мыйзам кабыл албоону эскертүүдө


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги мындай эскертүүнү АКШда, Конгресстин Өкүлдөр палатасынын комитетинде армяндардын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясы тарабынан кырылышын геноцид катары баалаган мыйзам боюнча резолюция добушка салынар алдында жасады. Эгер 4-мартта Тышкы иштер боюнча комитетте ал символикалык резолюция колдоо тапса, мыйзам Өкүлдөр палатасынын кароосуна жиберилет. Түркия мындай кадам Вашингтон менен Анкаранын мамилесине гана эмес, Түркия менен Армениянын жарашуу аракеттерине да зыян тийгизерин эскертүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG