Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Өзбекстанда билим тармагынын жетекчилери иштен алынды


Өлкөнүн Улуттук билим берүү министри Хайрат Шоумаров менен Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министри Азимжон Парпиев президент Ислам Каримовдун жардыгына ылайык иштен алынышты. Мындай чечим 26-февралда чыгарылган. Ташкенттик көз карандысыз журналист Шараф Убайдуллаевдин пикиринде, Өзбекстандын билим тармагы абдан коррупцияланышканын эске алганда, президенттин жардыгы өз учурунда чыкты. Тармактын биринчи жетекчилеринин иштен алынышы – кырдаал балким оңолорунун белгиси. Бирок өзбек окумуштуусу Файзулла Ишокова “Азаттык” радиосунун Өзбек кызматы менен маегинде белгилегендей, эки министрдин иштен алынуусу билим берүү системасына сезилерлик деле жылыш алып келбейт. Анткени бул системага паракорлук ушунчалык сиңип кеткендиктен, ириде тармакты түп тамырынан бери өзгөртүү талап кылынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG