Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Орусия Иранга каршы “акылдуу” санкцияларды колдошу мүмкүн


Орус президенти Дмитрий Медведев бул тууралуу Парижде француз кесиптеши Николя Саркози менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Медведев учурда Францияда мамлекеттик сапар менен жүрөт.

Анын айтымында, эгер Тегеранды талаштуу өзөктүк программасына байланышкан эл аралык тынчызданууларды баскыдай кадамдарды жасоого ынандыруу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпаса, Орусия санкцияларды карап көрүүгө даяр. Бирок орус президенти белгилегендей, санкциялардан Ирандын карапайым тургундарына зыян тийбөөсү керек:

-Бул санкциялар абдан кылдат салмактанышы жана акылдуу болушу абзел. Бул санкциялар калкка каршы багытталбоосу жана андан ары диалог жүргүзүүгө такыр болбой турган эң акыркы чекти билгизүүсү керек. Азыр тиешелүү демилгелер талкууланууда. Орусия өнөктөштөрү менен маселени талкуулоону улантууга даяр. Бирок, албетте, бул санкцияларга барбасак жакшы болмок.

Франция жана АКШ Иранды уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарга моюн сунбагандыгынан улам жазалоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде ага каршы жаңы катаал санкцияларды киргизилүүсү үчүн аракеттенгендердин көч башында турууда. Орусия болсо буга чейин Тегеранга өзөктүк программасынан улам БУУнун санкцияларынын төртүнчү айлампасы киргизилүүсүн колдоодон баш тартып келген.

Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун кечээ билдиргенине караганда, Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги өлкөлөр менен Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү үчүн ыкчам жана тыкыр иштөөдө. Клинтондун болжолунда, Иран боюнча жаңы резолюция Коопсуздук кеңешинин талкуусуна “алдыдагы бир нече айдын аралыгында” коюлат.

XS
SM
MD
LG