Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Кочкордо эки жолу жер титиреди


Бүгүн эртең менен саат 7:55те Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жер титирөө катталып, очогунда 6,3 балл, Чолпон, Эпкин, Ак жол айылында 6, Кочкор, Жаңы-Жол, Кара-Саз айылдарында 5, Жумгал, Кызарт айылдарында 4,5, Токмокто 3,5-4 балл болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн экинчи эпкини саат 10дон 17 мүнөт өткөндө Кочкор айылынын батыш тарабында 20 чакырым жерден катталып, анын күчү 4 баллга чукул болду. Алдын ала маалыматка караганда кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG