Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

А.Абдырасулова: Жазыксыз кармалган жаштар бошотулду


Бүгүн Бишкектеги убактылуу кармап бөлүштүрүүчү жайга микроавтобус менен 17-18 жаштагы он чакты кыргыз балдарын милициянын эки кызматкерлери алып келишти. Бул тууралуу “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, балдарды эмне күнөөсү менен алып келишкенин сурап кайрылганда милиция кызматкерлери жооп беришпей, күбөлүктөрүн көрсөтүүдөн баш тартышкан. Кармалган балдардын айрымдары Батыш бекетине жакындарын узатканы барганда, кээ бирөө дүкөнгө нан алганы келгенде, дагы бирин көчөдө кетип баратканда жөн жеринен кармап бекеттен милиция бөлүмүнө алып барышканын айтышкан. Ал жерден жанында 300 сому барлар бошотулуп, акчасы жокторду Бишкектеги убактылуу кармап бөлүштүрүүчү жайга алып келишкенин билдиришкен. Микроавтобустун айдоочусу да милиция кызматкерлери аны балдарды жеткиресиң деп мажбурлаганын айткан.

Азиза Абдырасулова бул маселе боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганда, Бишкек ИИБсинин жетекчисинин орун басары Мелис Абдырахманов менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Акылбек Бекишов келишип, окуяга жеринде күбө болушуп, мыйзамсыз кармалган балдарды бошоттуруп, милициянын эки кызматкерине чара көрүшөрүн убада кылышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG