Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Консот укук коргоочу Т.Исмаилованын арызын канааттандырды


Бүгүн Конституциялык сот “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын “Тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү” мыйзамдын 1-беренесин, Жыйындарды өткөрүү жайларын аныктоо жөнүндөгү Бишкек мэриясынын токтомун Баш мыйзамга каршы келет деп кайрылган арызын канааттандырды.

Бишкек мэриясынын 2009 жылдын 24-июлунун №401 токтому менен “Лев Толстой, Термечиков, М.Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген сейил бактын аймагы жарандар тарабынан элдик иш чараларды өткөрүү орду” деген токтомун жокко чыгарды.

Былтыр “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова дагы Конституциялык сотко 2007-жылы 30-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешинин “ митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, “Жаштык” паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген” чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылган. Конституциялык сот 1-июнда Азиза Абдырасулованын арызын канааттандырган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG