Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Украинада спикер бийлик коалициясы ыдыраганын бышыктады


Парламенттин төрагасы Володымыр Литвиндин сөзүнө ылайык, өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун коалициясы чачырап кетти. Коалиция мурдагы президент Виктор Ющенкону колдогон «Биздин Украина» фракциясынан жана Тимошенкого ыктаган блоктон түзүлгөн болчу. Тимошенко Литвинди жана «Биздин Украина» фракциясындагы «элементтерди» коалицияны бузду деп айыптады:

– Бүгүн Верховний Радада демократиялык коалиция мыйзамсыз жол менен жок кылынды.

Тимошенко өткөн айдагы президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү Виктор Януковичтен утулуп калган эле. Шаршемби күнү парламент Тимошенконун өкмөтүнө ишеним маселесин колго салганы жатат.

XS
SM
MD
LG