Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 13:38

ЖК депутаттары Ысык-Көлдүн Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болду


ЖКнын төрага орун басары К.Исабеков депутат Ж. Рахмидинова жана 5 министрликтин өкүлдөрү 2-мартта Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болуп, эл менен жолугушту. Жолугушуу райондук маданият үйлөрүндө өттү. Тоңдуктар жазгы айдап-себүү, электр энергиянын көйгөйлөрүн айтты. ЖКнын депутаты К.Исабеков мамлекет пенсия төлөмдөрүн көбөйтүп атканын жана айыл чарбага быйыл өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн белгиледи. ЖК төрага орун басырынын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Жети-Өгүз районундагы жолгушууда бир да адам электр кубатына болгон кымбаттоо боюнча нааразылык билдирген эмес.

Бирок СДПнын Жети-Өгүз районундагы өкүлү Нургүл Кененбаеванын айтуусунда, жолугушууга бюджеттик мекеме кызматкерлери гана чакырылгандыктан, алар социалдык көйгөйлөрүн ачыктай алган жок. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG