Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Коомдук парламент бүгүн Конституциялык реформаны талкуулаган атат


Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 12-февралда биринчи окулушта кабыл алган. Баш мыйзамда өзгөрүлүп жаткан сегиз берененин ичинен президент милдетин аткара албай калган шартта убактылуу президентти дайындоо жөнүндөгү жобо коомчулукта кеңири талкуу жаратып келатат. Коомдук парламент долбоорду бүгүн өзүнүн кеңейтилген жыйынында талкуулаган атат.

Коомдук парламент 2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин негизделген “Акыйкат үчүн” кыймылынын алдында түзүлүп, ага коомдук, саясий уюмдардын 50 өкүлү кирген. Учурда Коомдук парламенттин 22 өкүлү бар. Мунун себебин коомдук уюмдун координаторлорунун бири Асия Сасыкбаева көпчүлүк мүчөлөрдүн акыркы эки жылда камалып, чет өлкөлөргө баш калка издеп кеткендиги менен байланыштырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG