Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Түркмөн президенти жаза өтөө системасын реформалоого чакырды


Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Гурбангулы Бердымухаммедов апта башындагы жыйында түрмө жазасынын эң жогорку чегин азыркы 25 жылдан 15 жылга түшүрүүгө жана абак жайлардын шартын жакшыртууга көрсөтмө берген. Ага катар өлкөнүн Кылмыш кодексине кылмыштын айрым бир түрлөрү үчүн каралган түрмө жазасын айып пул менен алмаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Баш кеңсеси Венада жайгашкан уюм – Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси жана Түркмөнстандын көз карандысыз юристтер ассоциациясы өткөн аптадагы баяндамасында, соттордун катаал жазасынан улам абак жайлар айыпкерлерге толуп чыкканын жана калктын жан башына бөлө келгенде түрмөдөгүлөрдүн саны боюнча Түркмөнстан дүйнөдө эң алдыңкы орундардын биринде турарын белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG