Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Украина парламентинде өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси добушка салынат


Эгер парламент бүгүн бул сунушту жактырса, жаңы президент Виктор Янукович жаңы өкмөттү куруусуна жол ачылат. Муну алдында кечээ өткөн айдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Януковичке утулуп калган премьер-министр Юлия Тимошенконун өкмөттүк коалициясы чачырап кеткендиги жарыяланган эле.

Украин мыйзамдары боюнча парламенттеги фракцияларга коалиция түзүү үчүн 30 күн, ал эми өкмөт куруу үчүн 60 күн мөөнөт берилет. Эгер алар бул мөөнөт аралыгында мунасага келе албаса, президентте парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо укугу бар.

Бир катар аналитиктердин пикиринде Украина өлкөдөгү экономикалык кризисти жөнгө салуу, Эл аралык валюта корунун 16,4 миллиард доллар өлчөмүндөгү насыяны алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн саясий стабилдүүлүккө тезинен муктаж.

Өлкөнүн каржы министринин орун басары Олександр Савченконун кечээги сөзүнө караганда, Эл аралык валюта кору акчаны жылдын экинчи жарымына чейин берери күтүлбөйт.

XS
SM
MD
LG