Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

“Эл пикир”: калк баалардын көтөрүлүшүнө каршы акцияга чыгууга даяр


Аталган көз карандысыз социологиялык иликтөө борбору Кыргызстанда электр энегриясына, жылуулукка, уюлдук байланышка жана азык-түлүккө баанын жогорулашы боюнча жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоо Бишкекте жүргүзүлүп, ага миң адам катышкан. Респонденттердин дээрлик көпчүлүгү баалардын кымбаттап кетишинин себебин түшүнбөй турганын айтышкан. Тарифтердин жогорулашына каршы акцияга чыгууга даяр экенин билдиргендер да көпчүлүктү түзгөн. Кыргызстанда жыл жаңыргандан тарта электр энергиясына баа эки эсе, ал эми жылуулукка баа беш эсе кымбаттады. 1-февралдан тарта уюлдук байланыш алтымыш тыйынга көтөрүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG