Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Элдик курултай Бишкекте борбордук аянтта өтүшү ыктымал


Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин жетекчиси Роза Отунбаеванын бүгүн Коомдук парламентте билдиргени боюнча Элдик курултайды борбордук аянтта өткөрүү тууралуу өтүнүч шаардык бийликке жолдонду.

Буга чейин Элдик курултайды өткөрүү үчүн ижарага чоң залын сурап, оппозиция Улуттук филармониянын жана Спорт сарайынын жетекчилерине кайрылып, терс жооп алган. БЭК 17-мартта Элдик курултай өткөрүп, анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды, Башмыйзамдын өзгөртүлүшүн, стратегиялык мааниси бар мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилишин жана энергетикага баалардын кескин кымбатташын талкууламакчы. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG