Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

26-мартта өкмөт парламентте өткөн жыл боюнча отчет берет


Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов кечээ өкмөт жыйынында билдирди. Министрлерди отчетко катуу даярдык көрүүнү буйруду. Кечээ Д. Үсөнов электр энергиясына жана жылуулукка баа көтөрүлгөндөн кийин беш миң сомго жетпеген айлык алган бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эки жүз сомдон берилбей жаткандыгы үчүн кээ бир министрлерди сынга алды. Кошумча каражатты 10-мартка чейин толук төлөп берүүнү, электр энергиясы үчүн акыны кечигип төлөгөн кардарлардан айып пул албоону тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG