Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Нарында «Алмаз-Нарын» үналгысын колдоо акциясы уланууда


Бул тууралуу «Азаттыкка» “Алмаз-Нарын” үналгысын коргоо кыймылынын төрайымы Канайым Бердибаева билдирди. Анын айтымында ,1-марттан тарта «Эл уккусу келет» аттуу акция башталып, 3-мартка карата жалпысы 97 адам үналгыны обого чыгаруу үчүн колдоо көрсөтүүгө катышкан. “Акциянын катышуучулары 10 сомдон жогорку өлчөмдө көмөк көрсөтүшүүдө” дейт Канайым Бердибаева.

24-февраль күнү Нарын шаарында тынч митинг башталаар алдында “Алмаз-Нарын” үналгысынын кымбат баадагы үн таратуучу кабелин белгисиз бирөөлөр кесип кеткен. Бул жергиликтүү үналгы аркылуу «Азаттык», «Би-Би-Си», «Немис толкуну», «Америка үнү» радиолорунун уктуруулары берилип келген. (KUs)

XS
SM
MD
LG