Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Нарында электр акысы боюнча кыймыл түзүлдү


Бүгүн Нарын шаарында 21 адамдан турган «Энерготарифтерди арзандатуу боюнча» Нарын облустук кыймылы түзүлдү. 21 адам тең бирдей жоопкерчиликте болуп бирдей иш алып барышат. Кыймылдын курамында ар тармактын, ар кыл жаштардын өкүлү, айылдардан адамдар бар. Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров 2-мартта Нарында жолугушууда электр тарифтерин мурдакыдай 70 тыйынга калтыруу боюнча 5-мартта өкмөттүк жыйында көтөрүп чыгаарын убада кылган. Андан оң жооп болбосо мыйзам чегинде ар кандай акцияларга даярданабыз дешет кыймылдын мүчөлөрү. (JI)

XS
SM
MD
LG