Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

"ЭрК" партиясы бир мүчөсүн кызматтан алды


“ЭрК” партиясы ээнбаштыгы үчүн Ош облустук кеңештин төрагасы Юристан Истановду кызматынан алды. Юристан Истанов “ЭрК” партиясы Ынтымак курултайына катышпайт, элдик курултайга катышаар-катышпасын жакын арада аныктайт деп мурдараак маалымат тараткан. Саясий кеңеш облустук кеңештин төрагасы партиянын макулдуксуз чечим кабыл алууга укугу жок экендигин өз жыйынында белгиледи. “Эрк” партиясы буга чейин конструктивдүү оппозицияда экенин жарыялап келген.
Ынтымак курултайына барбай тургандыгын буга чейин "ЭрКтен" тышкары БЭКкке кирген саясий партиядар жана оппозициядагы “Ак Шумкар” партиясы билдирген. Ынтымак курултайы 23-мартта болот. Ага 750 делегат чакырылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG