Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Парламенттик угуу адвокаттын ишмердигин талкуулайт


“Адвокаттардын ишмердиги жөнүндөгү” мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланган атат. Жогорку Кеңештин маалыматына караганда 15-мартка белгиленген бул талкууга депутаттардан тышкары адистер, талдоочулар катышмакчы.
Адвокаттардын укук-милдеттерине, көз карандысыздыгына кепилдиктерге, иштөө жана ишин токтотуу жолдоруна байланышкан көптөгөн маселелер долбоордо талаш туудурууда. Долбоорду биринчи окулушунда парламент былтыр 25-декабрда кабыл алган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG