Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Электр кубатына жаңы тариф кайрадан талкууда


Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы электр кубатына, жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү боюнча Талас облусунун жергиликтүү жамааттары менен телефон аркылуу видеобайланыш уюштурат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, жарандык коомдордун, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу коалициядан кабарлашты.
“220 кыймылы” болсо жаңы тарифтерди алып салууга чакырууда.Энергетика министрлиги кечээ электр кубатына чектөөлөр 21-мартта алынып салынарын жарыялады. Кыш мезгилине байланыштуу электр кубатын үнөмдөө максатында күзүндө чектөө киргизилген болчу. (BuS)

XS
SM
MD
LG