Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

4-март - Жалал-Абадда март ыңкылабы башталган күн


2005-жылы бул күнү бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл Жалал-Абад облустук бийлигинин имаратын ээлеп алышкан. Анын алдында Кыргызстан элдик кыймылынын облустук бөлүмү баштаган жайнаган эл таза эмес шайлоону сындап, ошол кездеги президент Аскар Акаев баштаган бийликтин кетишин талап кылып, ураан чакырып кызгылт сары түстөгү байрактарды көтөрүп шаар көчөлөрүн кыдырышкан. Ошол толкун март ичи өлкөнүн басымдуу бөлүгүн ээлеп, 24-мартта өкмөт үйү оппозициянын колуна өткөн.(BuS)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG