Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Обама Конгрессти саламаттыкты сактоо реформасын аягына чыгарууга чакырды


Барак Обама Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону көздөгөн мыйзамдын жыйынтык долбоорунда эки партиянын тең жакшы идеялары эске алынды, республикачылардын да, демократтардын да сунуштары камтылды. Обаманын айтымында, документ буга чейин эки палатада тең жактырылгандыктан, эми “жөнөкөй эле көпчүлүк” добуш менен кабыл алынууга татыктуу.

АКШ президенти өз сөзүндө эл күтүп жаткандыгына токтолуу менен Конгресс жетекчилигин добуш берүүнү республикачылар колдобогон шартта деле алдыдагы бир нече апта ичинде өткөрүүгө үндөдү. Сунуш кылынып жаткан реформанын максаты - азыр медициналык камсыздандыруусу жок 30 миллиондой америкалыктын ага ээ болуусуна шарт түзүү. Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону шайлоо өнөктүгү учурунда ички саясаттагы башкы маселелердин бири катары убада кылган Барак Обаманын пландары оппозициядагы республикачылардын сынына кабылууда.

XS
SM
MD
LG