Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Грецияда бюджеттик чыгымдарды азайтуунун жаңы чаралары жарыяланды


Грек өкмөтүнүн кечээги жарыясына караганда, өлкөдө пенсиялар көбөйтүлбөйт, мамлекеттик кызматкерлерге берилүүчү сыйлыктар кыскартылат, алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана күйүүчү майларды сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көбөйтүлөт. Ушул өңдөнгөн чаралар карызга баткан грек өкмөтүнүн казынасына кошумча 4,8 миллиард евро берери күтүлүүдө. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо Афинанын кадамдарын кубаттады. Грек өкмөтүнүн карызы учурда 300 миллиард еврого чаап барган. Ал эми өлкө бюджетинин таңкыстыгы Евробиримдикте каралган эрежеден төрт эсе көптүк кылат же Улуттук дүң өндүрүштүн 12, 7%на барабар. Грециядагы кризис Европанын бирдиктүү акчасы - евронун нарксызданышына да алып барды.

XS
SM
MD
LG